КЫРААН І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Алгыр. Кыраан бүркүт. Кыраан куш. 2. Мыкты, кыйын, өткүр, чыгаан. Бизден чыкты өсүп жаштын кырааны, Эркек, аял, бир катарда туралы! (Барпы).
КЫРААН ІІ: кыраан-каткы Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Бардыгы бирдей, жапырт, катуу күлүү, аябай каткыра күлгөн күлкү. Алардын кыраан-каткы күлкүлөрү алда кайда угулат (Жантөшев). Олтурган элдер кыраан-каткы күлүштү (Баялинов).